Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Азиада-2018: Төрөкан Багынбай уулу алтын байге үчүн таймашат


Азия оюндарынын расмий сайтындагы Төрөкан Багынбай уулу тууралуу маалымат.
Азия оюндарынын расмий сайтындагы Төрөкан Багынбай уулу тууралуу маалымат.

Кыргызстандык спортчу Төрөкан Багынбай уулу ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште финалда таймашат. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак бүгүн, 24-августта Багынбай уулу жиу-житсунун не-ваза түрүнөн 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Ал 1/16 финалдан баштап ирандык, казакстандык, түркмөнстандык жана таиланддык спортчуларды жеңип алды. Алдыда алтын байге үчүн ал Бириккен Араб Эмиратынын өкүлү Талиб Алькирби менен беттешет. Ушул эле салмакта дагы бир кыргызстандык спортчу Жакшылык Уранов коло байге үчүн күч сынашат. 3-орун үчүн ал таиланддык Банпот Лерттайсонг менен мөрөй талашат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Спорттун ушул эле түрүнөн жогоруда аталган спортчулардан сырткары бул күнү Кыргызстандан Ариет Бекишов (56 кг.) жана Давран Маразыков (56 кг.) таймашка чыкты. Бекишов 1/8 финалда, Маразыков 1/16 финалда атаандаштарына жеңилип, байгесиз калышты.

Бүгүн, 24-августта Кыргызстандын спортчулары жиу-житсудан сырткары велоспорт, сууда сүзүү, бокс, пенчак-силат жана волейбол боюнча мелдештерге катышат. Велоспорттон 40 чакырымга Евгений Ваккер жеке жарышка чыкса, Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Индонезия менен беттешет. Боксчу Азат Үсөналиев 52 килограммга чейинки салмакта Азия оюндарындагы алгачкы беттешин өткөрүп, 1/16 финалда таиланддык Акхасит Венгхайды жеңди. Суучул Денис Петрашов 50 метрге брасс ыкмасы менен сүзүп 16-орунду алды (28.73 секунд). 200 метрге комплекстүү сүзүүдө Елизавета Рогожникова 13-орунду ээледи (2 мүнөт 25.78 секунд). Пенчак-силат (жоокердик өнөрдүн түрү) боюнча чейрек финалдык таймаштар учурда өтүп жатат. Бул спорттон Кыргызстандын намысын Алмазбек Замиров (60 кг. - 65 кг.), Жолдошбек Акимканов (65 кг. - 70кг.) жана Данияр Токуров (70 кг. – 75 кг.) коргоого чыкты.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашууда. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар.

Кыргызстандын курама командасынын капчыгында учурда 4 күмүш жана 5 коло медаль бар. Азырынча медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 21-орунда. (ECh).

XS
SM
MD
LG