Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Каттоо кызматкерлери тейлөөнү жеңилдетүү жолун үйрөнүүдө


Мамкаттоонун кызматкерлери.
Мамкаттоонун кызматкерлери.

Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери санарип аркылуу жарандарга жана ишкерлерге кызмат көрсөтүү, бизнес процесстерин тейлөө жана автоунаа каражаттарын каттоого алуу боюнча сабак алышууда.

Бул тууралуу аларды окутууга көмөктөшүп жаткан БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Бишкектеги кеңсесинен кабарлашты.

Анда айтылгандай, тренингдер бир нече күн бою өтүп жатат. Кызматкерлерди бул жаатта 10 жылдык тажрыйбасы бар британиялык  “Future Gov” компаниясынын адистери окутууда. Аталган компания бул жаатта Австралия, Албания, Армения, Британия, Германия, Грузия жана Молдованын өкмөттөрү менен биргелешип ишке киргизген технология сырларын кыргызстандык адистерге үйрөтүп жатат.

Каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева алардын мекемесинде бардык тейлөө жумуштары, анын ичинде автоунааларды каттоо да мүмкүн болушунча жеңилдетилип жатканына токтолду. Ага карабай адистер окуп, тажрыйба топтоого муктаж экенин билдирди.

Өкмөт Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтарды санариптик трансформациялоо боюнча активдүү иш-аракетин баштаган. Мунун алкагында БУУнун Өнүктүрүү программасы да өнөктөш катары калкка кызмат көрсөтүүдө жаңы ыкмаларды киргизүүгө көмөктөшүп келет. (ErN)

 

XS
SM
MD
LG