Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Чоң-Алайда тоолуу айылга футбол аянты курулуп жатат


Чоң-Алай айылында курулуп жаткан футбол талаасы.
Чоң-Алай айылында курулуп жаткан футбол талаасы.

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 4000 орундуу, атайын стандарттарга туура келген ири футбол стадиону курулуп бүтөйүн деп калды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.

Футбол талаасы маданий иш-чараларды да өткөрүүгө да ыңгайлаштырылып салынууда.

Райондук деңгээлдеги футбол талаасынын курулушу менен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев өзү таанышып, курулуш материалдарынын сапатын текшерди. Ал аткаруучу фирмага жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө объектти өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.

Курулушту 14 млн. 738 миң сомго “Бекстрой” жоопкерчилиги чектелген коому салып жатат. Каражат Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. 2017-жылы салынып баштаган стадион быйыл сентябрь айында ишке берилет. (ErN)

XS
SM
MD
LG