"Google" компаниясынын адистери интернетте Ирандын пропагандасын жүргүзгөн каналдарды жана аккаунттарды жаап койду. Алар Ирандын мамлекеттик телеканалдарына таандык экени кабарланды.
Расмий кабарга караганда, "YouTube" порталындагы 39 канал, "Blogger" платформасындагы алты аккаунт, "Google+" социалдык желесиндеги 13 аккаунт өчүрүлдү.
"FireEye" кибер коопсуздук компаниясынын маалыматына караганда, өчүрүлгөн аккаунттар Ирандан башкарылган. Алар АКШда жана башка чөлкөмдөрдө Тегерандын пайдасына иштеген.
21-августта "Facebook" жана "Twitter" дагы Иранга байланышы бар деген жасалма аккаунттарды жапкан.
"Facebook" буга чейин АКШдагы шайлоо маалында дезинформация менен алектенгени үчүн Орусияга жана Иранга байланышы бар 652 профилди өчүргөн. "Twitter" болсо Сауд Арабия жана Израилге каршы үгүт жүргүзгөн Иранга байланышы бар 300 аккаунтка чек койгон.