Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:30

Орусияда абакта кордолгондор тууралуу жаңы видео тарады


"Новая газета" тараткан видеодогу бир көрүнүш.
"Новая газета" тараткан видеодогу бир көрүнүш.

"Новая газета" басылмасынын сайтында Орусиядагы ИК-1 абагында камакта отургандар кыйноого кабылып, кордолгону тартылган жаңы видео жарыяланды.

23-августта чыккан тасма текшерилип жатканын Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын расмийлери билдиришти.

Аталган басылма бир ай мурда Ярославль шаарындагы абакта отургандарды түрмөнү көзөмөлдөгөн 17 кызматкер токмоктоп жатканы тартылган тасманы чыгарган. Бул видео кызуу талкууга түшүп, 12 кызматкер иштен бошотулган.

Жаңы тараган видеодо эки катарга тизилген кызматкерлер камакта отургандарды чуркоого мажбурлап, аларды кезектешип уруп, тээп жатканын көрүүгө болот. Айрым кызматкерлер июль айында чыккан видеодогу көзөмөлчүлөр экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG