Улуттар Уюмунун балдарды коргоо фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ууланган ыктыярчыларына алгачкы жардамды көргөзгөн Республикалык жугуштуу оорулардын клиникасына ыраазычылык билдирди.
24-августта ЮНИСЕФтин тренингдерине катышкан 42 ыктыярчы тамакка ууланып ооруканага түшкөн. Аларга убагында жардам берилип, бардык дарылануусу акысыз болгонун, азыркы тапта уулангандардын акыбалы дурус экенин белгилеген уюм уулануунун себептерин Саламаттык сактоо министрлиги тыкыр иликтерине ишенерин белгилеген.
Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага тамакка ууланып кайрылган 42 адамдын баары медициналык жардам алгандан кийин бейтапканадан чыгарылды.
Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдиргендей, 40 киши 24-августта алгачкы жардамды алары менен кетишкен. Экөө бир күндүк текшерүүдөн соң чыгарылды. Абалдары жакшы. (BCh)