Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштөн дагы 28 миллион сом өндүрдү


Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн бирдиктүү эсепке 28 миллион 554 миң сом которду.

Аталган органдын маалымат кызматы ушуну менен 90 миллион сомду коррупцияга каршы күрөштүн алкагында прокуратура органдары өндүргөнүн билдирди.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтош үчүн эсеп ачууга буйрук берген.

Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Бир апта мурда Финансы министрлиги бул эсепке 345 млн. 63,5 миң сом келип түшкөнүн кабарлаган.

Топтолгон каражаттын ичинен 143 миллион сомду Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызмат, 141 миллион сомду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, 59 миллион сомду Башкы прокуратура жана 5 33 миң сомду Ички иштер министрлиги которгонун маалымдаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG