Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн узартуу сотто каралат


Албек Ибраимов сотто . 19-июль 2018-жыл
Албек Ибраимов сотто . 19-июль 2018-жыл

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн узартууну Биринчи Май райондук соту 27-августта карайт. Бул тууралуу Ибраимовдун адвокаттары кабарлашты. Буга чейин райондук сот Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Аны Жогорку Сот да күчүндө калтырган. Бул ирет дал ушул чечимди узартуу маселеси каралат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, Ибраимов "Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп шек саналып жатат. Албек Ибраимов 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (BkA)

XS
SM
MD
LG