Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:55

Ооганстанда коопсуздук кеңешчиси кызматтан кеткени кабарланды


Ханиф Атмар

Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ханиф Атмар отставкага кетти.

Бул кабар ооган өкмөтүндөгү коопсуздукка жооптуу жетекчилердин кызматтан кеткен учуруна туш келди. Атмардын отставкасы тууралуу маалыматты өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинен “Азаттыктын” Ооган кызматына бышыкташты.

Андагы маалыматка караганда, ооган президентинин улуттук коопсуздук боюнча жаңы кеңешчилигине буга чейин АКШда элчи болуп иштеп келген Хамдулла Мохид дайындалды.

Ханиф Атмар мурдагы президент Хамид Карзайдын учурунда өлкөнүн ички иштер министри болуп эмгектенген. 2014-жылдан бери президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болчу.

Ошол эле Reuters агенттиги жакынкы күндөрү Атмардан башка Ооганстандын ички иштер жана коргоо министрлери кызматтан кеткенин жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG