Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Азиада-2018: Нурсултан Алымкулов алтын медаль үчүн таймашат


Азия оюндарынын расмий сайтындагы Нурсултан Алымкулов тууралуу маалымат.
Азия оюндарынын расмий сайтындагы Нурсултан Алымкулов тууралуу маалымат.

Кыргызстандык спортчу Нурсултан Алымкулов ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсунун не-ваза түрүнөн алтын байге үчүн таймашат.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Алымкулов 77 килограммга чейинки салмакта күч сынашууда. Ал 1/16 финалдан баштап Пакистандын, Өзбекстандын, Бириккен Араб Эмирлигинин жана Иорданиянын спортчуларын жеңип алды. Алдыда алтын байге үчүн казакстандык Руслан Исраилов менен беттешет.

Бул салмакта Кыргызстандан Аязбек Мустаков дагы күч сынашууга чыккан. Ал эки атаандашын утуп, чейрек финалда казакстандык Руслан Исраиловго жеңилип калды. Исраилов финалга чыккандыктан кыргыз спортчусуна жооткотуучу беттешке чыгууга шарт түзүлдү. Бул таймашта Бириккен Араб Эмирлигинин өкүлү Сауд Альхаммадиге жеңилип, коло байге үчүн күрөштөн четтеп калды.

Жогоруда аты аталган спортчулардан сырткары бүгүн 85 килограммга чейинки салмакта бир тууган Абдурахманхажи жана Муртазали Муртазалиевдер коло байге үчүн күч сынашат. Муртазали Муртазалиев түркмөнстандык Мерген Жорайев менен, ал эми Абдурахманхажи Муртазалиев казакстандык Андрей Гаврилюк менен мөрөй талашат.
Финалдык таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 15:15те башталат.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашууда. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар.

Кыргызстандын курама командасынын капчыгында учурда эки алтын, төрт күмүш жана алты коло медаль бар. Алтын байгелерди жиу-житсудан Төрөкан Багынбай уулу (69 кг.) жана жеңил атлетчи Дарья Маслова (10 000 м.) алды. Бүгүн, 26-августта спорттун пенчак силат (жоокердик өнөр) түрүнөн Данияр Токуров (70 кг. - 75 кг.) коло байге алды. Жалпы 12 байге менен Кыргызстан медал алган өлкөлөрдүн катарында 15-орунда бара жатат. (ECh)

XS
SM
MD
LG