Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:46

Маалымат катчынын билдирүүсүн Коопсуздук кеңеши териштире баштады


Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын мурдагы маалымат катчысы Анара Мамбеталиеванын мекемедеги коррупция боюнча билдирүүсүн Коопсуздук кеңеши териштирүүдө.

Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. Анын айтымында, президенттин тапшырмасынын негизинде Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери Мамбеталиева менен жолукту. Анда мурдагы маалымат катчыга расмий арыз жазуу зарыл экени түшүндүрүлдү. Анара Мамбеталиева тиешелүү органдарга арыз жазууга жана документтерди берүүгө макул болду.

Буга чейин Анара Мамбеталиева “Фейсбуктагы” баракчасында видео аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мекемедеги коррупцияга аралашкан кишилердин ишин иликтөөгө алууну өтүнгөн.

Ал коррупцияга тиешеси бар деп Мамэкотехинспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков, кадр бөлүмүн жетектеген Самат Керимкулов жана Финансы башкармалыгынын жетекчиси Гүлкайыр Жумашеванын атын атаган.

Өзүнүн өмүрүнө жана үй-бүлөсүнө коркунуч туулуп жатканын айтып, мамлекет башчыдан коргоосун өтүнгөн.

Анара Мамбеталиева кызматтын ичиндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы чыкканы үчүн аны жетекчилик берененин негизинде иштен алып салганын жарыялаган. Ал эми Мамэкотехинспекциянын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Расул Артыкбаев Мамбеталиева мамлекеттик кызматкер болуп туруп пикетке чыкканы үчүн жумуштан алынганын айткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG