Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Ток урган жоокердин экинчи колуна операция кылуу маселеси бүгүн чечилет


Руслан Сапарбаев Бишкек шаарындагы №4 ооруканада дарыланууда.
Руслан Сапарбаев Бишкек шаарындагы №4 ооруканада дарыланууда.

27-августта Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунун дарыгерлери консилиум өткөрүп, кезмет учурунда токко урунуп, оор жараат алган жоокер Руслан Сапарбаевдин сол колун ампутация кылуу маселесин чечишет.

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган бейтапкананын күйүк-жараат бөлүмүнүн дарыгери Владимир Плаксин билдирди.

Плаксин жоокердин колунун күйүп калган бөлүгүндөгү жара (гангрена) өйдө жылып баратканын белгиледи. Ал бул жөнүндө жоокердин өзүнө, анын жакындарына да маалымат берилгенин кошумчалады.

Токко эки колу күйүп калган Руслан Сапарбаевди дарыгерлер 17-августта операция кылып, оң колун чыканагынан өйдөрөөк ампутация кылышкан. Учурда жоокердин абалы оор, бирок туруктуу деп бааланып жатат.

Буга чейин жоокердин жакын тууганы Гүлмира Кашкараева “Азаттыкка” кайрылып, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн иниси Руслан Сапарбаев токко урунуп, оор жараат алганын кабарлаган. Ал жоокер постто турган кезде электр тактайчасындагы зымдарга тийип, күйүп калганын айткан.

Жоокердин жакындары күчтүү дарыгерлерди тартып, анын экинчи колун сактап калууга жардам берүүнү бийликтен өтүнүүдө. Алар ошондой эле бул ишти гарнизондук аскер прокуратурасы жетиштүү иликтебей жатканына даттанышып, Башкы прокуратурага да арыз жазышты.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, окуя 8-августта болгон. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго кол салып алганын билдирген.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. Ал быйыл жазында аскерге чакырылып, Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылып жүргөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG