Ооган жана чет элдик коалиция аскерлеринин жалпы атайын операциясында “Ислам мамлекети” террордук тобунун Ооганстандагы лидери Абу Саад Эрхаби атылды. Бул тууралуу өлкөнүн атайын кызматтарына таянуу менен “Reuters” агенттиги жазды.
Нангархар провинциясындагы жекшемби күнкү операция учурунда Эрхабиден сырткары “Ислам мамлекетинин” 10 чакты жоочусу дагы өлтүрүлдү.
Жоочулардын эки лагери жана бир нече оор куралдары жок кылынды. Жергиликтүү жихадисттик радикалдуу “Амак” ("Amaq") маалымат агенттиги бул тууралуу кабар берген жок. Ооган аскерлерин машыктырган НАТОнун күчтөрү да билдирүү тарата элек.
Нангархар провинциясынын бийлиги болсо ушуну менен былтыркы жылдын жай айларынан бери “Ислам мамлекетинин” Ооганстандагы лидерлеринин төртүнчүсү жок кылынганын ырастап жатат. Радикалдык бул топ Пакистан менен чектеш аталган провинцияда кенен тамыр жайып кеткен. Жихадчылар оогандарга жана америкалыктарга тиешелүү аскерлерге кол салып келатышат. Алар 2015-жылдан бери ал тургай "Талибан" кыймылынын жоочуларына да чабуул коюп жүрүшөт.
АКШнын аскерлеринин маалыматына ылайык, “Ислам мамлекети” кыймылынын Нангархардагы мүчөлөрү эки миңге чукул. Август айында алардын Жаузжан провинциясындагы 150дөй мүчөсү өз эрки менен ооган бийлигине багынып берген. (ErN)