Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:16

Темир жолдогу жемкорлукту айтып чыккан кызматкер кысымга кабылганын айтып чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Бишкек-Москва каттамынын поезд коштоочусу Алия Асанбаева жетекчилиги тарабынан кысымга кабылып жатканы тууралуу видео кайрылуу таратты.

- Мамлекеттик органдар эч кандай реакция кылган жок. Тескерисинче, ишкана жана мамлекеттик органдар тарабынан мага эбегейсиз басым болуп жатат. Мен жалгыз бой энемин. Мен коррупция фактысын айтып чыккандан коркон жокмун, - деди Асанбаева. 

Буга чейин бир нече поезд коштоочулар мекеменин жетекчилери каттамдарга билетсиз жүргүнчүлөрдү салып жатканын айтып чыгышкан. Алардын сөзүнө караганда, кассада "Москвага билет 14 миң сом" деп турганы менен жетекчилери ортомчулар менен сүйлөшүп, билетсиз жүргүнчүлөрдү эки эсе арзан баа менен поездге салышат.

Бишкек-Москва рейсинин "Азаттыкка" кайрылган поезд коштоочулары "билетсиз жүргүнчү салмай Казакстан менен Орусиянын станцияларында да улантылат" деп айтышкан. Арызданган коштоочулар "Бишкектен Москвага жөнөгөн бир рейсте билетсиз жүргөн адамдардын саны орто эсеп менен 50дөн 200гө чейин, айрым учурда 400гө чейин жетет" дешет.

Бул тууралуу телефон аркылуу комментарий сураганыбызда "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев Алия Асанбаевага жетекчилиги эч кандай кысым көрсөтпөгөнүн билдирди. Ал эми буга чейин Ногойбаев билетсиз жүргүнчү ташууну далилдеген эч кандай факты жок экенин айткан болчу. (TSh)

"Азаттыктын" архиви: "Коёндорго" толгон поезд. 29-май 2018-жыл 

XS
SM
MD
LG