Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Мэрия: аялдамаларда мыйзамсыз илинген жарнамалар тазаланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев шаардагы аялдамаларда, бак-дарактарда, ар кандай түркүктөрдө мыйзамсыз чапталган көрнөктөр менен жарнамалар тазаланып, мындан кийин аны илгендерге чара көрүлөрүн “Азаттыкка” маалымдады:

- Жарнама илүүнүн мыйзамдуу жолу бар. Бирок мыйзамсыз салбыраган жарнамаларды тазалайбыз. Мындан кийин аларды жарнамага берген байланыш телефондору аркылуу таап, чара көрөбүз.

Ошондой эле мэрия шаардыктарды аялдамаларга жана башка коомдук жайларга жарнама кагаздарын чаптабастан, мыйзам чегинде иш алып барууга чакырууда. Бишкекте адамдар жарнамаларды бак-дарактарга чейин илип, жармаштырган учурлар көп кездешет. Аларды “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жууп-тазалашат. (TSh)

XS
SM
MD
LG