Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:33

Көчмөндөр оюндарын дрон менен тартууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2-8-сентябрь күндөрү өтүүчү Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дрон жана башка асмандан видеого тартуучу каражаттар менен чагылдырууга тыюу салынат. Бул тууралуу оюндарды өткөрүү боюнча катчылык маалымдады.

Тыюуга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тапшырмасы негиз болгон. Муну атайын кызмат оюнга катышып жаткан мамлекет башчылардын жана чет өлкөлөрдөн келген коноктордун коопсуздугу менен түшүндүргөн.

Оюндарды асмандан видеого тартууга Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгына гана уруксат берилет. (TSh)

XS
SM
MD
LG