Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Токтогулда боз үйдө окуган окуучуларга жылуу чатыр бериле элек


Токтогул району.
Токтогул району.

Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан №36 Анарбек Ибраимов атындагы мектептин башталгыч класстары үчүн атайын жылууланган чатырлар берилген жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токтогул районунун акиминин орун басары Айна Нават кызы билдирди.

Анын айтымында, ӨКМ "өзгөчө жаратылыш кырсыктары болгондо гана чатыр берилет" деп жооп берген. Андыктан сентябрь айынан тартып айыл өкмөт башчысы ижарага 3 боз үй тапканы аргасыз болууда. ӨКМдин облустук башкармалыгы бул тууралуу азырынча коментарий берген жок.

Айылда 1957-жылы ашар жолу менен салынган, башталгыч класстар окуган мектеп имараты 2015-жылы керектен чыгып, бирок окуучулар окуусун уланта беришкен. Быйыл апрель айында имарат өтө кооптуу болуп калгандыктан 300дөн ашык окуучу жергиликтүү бийлик ижарага алган эки боз үйдө окуган.

Жаңы мектептин курулушун 2019-жылдын бюджетине киргизүү пландалууда. Облус аймагында 470тен ашык мектептин учурда 34ү авариялык абалда быйыл да окуучуларды кабыл алат. (RsK)

XS
SM
MD
LG