Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Беларус Сирияга жардам берүүгө даяр


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларустун президенти Александр Лукашенко "Сирияны калыбына келтирип, тынч курулуш жүргүзүүгө ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин" билдирди. Бул тууралуу президенттин 26-августта, Сирия менен Беларустун дипломаттык кызматташтыгынын 25 жылдыгына арналган куттуктоо сөзүндө айтылат.

Ошондой эле Лукашенко Башар Асаддын "терроризм менен күрөш аракетин" колдой турганын билдирүүдө. Муну менен беларус лидеринин Сириядагы жагдай боюнча көз карашы Москваныкына дал келип жатат. Билдирүүдөн бир нече күн мурда ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан.

Сириянын президенти Башар Асад өз өлкөсүн калыбына келтириш үчүн 400 млрд. доллар керек экенин айтканы бар. "World Vision" уюмунун эсебинде, жарандык согуштан кийин урандыга айланган өлкөнүн негизги бөлүгүн кайра курууга 1,3 трлн. доллар талап кылынат.

XS
SM
MD
LG