Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Түндүк Корея жапон туристин кое берет


Түндүк Корея менен Кытайдын чек арасы.
Түндүк Корея менен Кытайдын чек арасы.

Түндүк Корея августтун башында кармалган жапон туристин кое берет. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук маалымат агенттиги билдирди.

"Тиешелүү мекеме гуманизм принцибинен улам аны кечирип, Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын аймагынан чыгарууну чечти”, деп кабарды окуду диктор.

Кеп Томоюки Сугимото тууралуу болууда. Жапониянын маалымат каражаттары Сугимото видео оператор экенин, Түндүк Кореяга чет элдик турагенттиктин уюштуруусу менен барганын жазышкан. Ал Нампхо шаарындагы саякат учурунда "аскердик обьектини тасмага тартты" деген шек менен кармалышы мүмкүн экенин жапон бийлиги ырастаган.

Түндүк Корея Сугимото кандай эрежени же мыйзамды бузганын тактаган эмес. Ал ошондой эле мекенине качан келери так белгисиз.

XS
SM
MD
LG