Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:57

Гаага соту Ирандын АКШга каршы дооматын карай баштады


Иран жана АКШ президенттери бири бирине ачуу сөз айтуудан тайманбайт.

Иран Кошмо Штаттарын "экономикалык агрессияга" айыптоодо жана санкцияларга каршы Улуттар Уюмунун Гаагадагы эл аралык сотуна кайрылды.

27-августта төрт күндүк угуу башталганда сүйлөп жатып Ирандын өкүлү Мухсен Мухеби санкциялар 1955-жылкы эки өлкөнүн достук келишимин бузат деп билдирди.

"Тегеран башка алты мамлекет менен түзүлгөн ядролук келишимдин талаптарын сактап жатат, санкциялар негизсиз киргизилди. Бул менин өлкөмө каршы кызылдай эле экономикалык агрессия" деди Мухеби.

АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирандын дооматын четке кагууда. "Ушул жумада Гаагада Ирандын уятсыз дооматтарынан жигердүү коргонобуз" делет Помпеонун билдирүүсүндө.

Дональд Трамп бийликке келгени эки өлкө ортосундагы мамиле кайрадан начарлады. 2015-жылкы өзөктүк келишимден АКШ быйыл майда чыгып кеткен. Ошондон кийин мурда алынган санкциялар Иранга кайра киргизилген. Ага ылайык, АКШ же бул өлкөнүн тилин алган компанияларга Иран менен кызматташууга тыюу салынган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG