Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

АКШ - Иран айбанаттарды оозанып айтышты


Хасан Роухани менен Дональд Трамп.
Хасан Роухани менен Дональд Трамп.

АКШ менен Ирандын президенттери акыркы бир күндө бири-бирине эскертүү беришти. Эки лидер бири экинчисин коркуткан, айыптаган сөздөр АКШнын Иранга каршы экономикалык санкциялары кайра калыбына келерде айтылды. Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу келишимден Кошмо Штаттар быйыл май айында чыгып кеткен.

"Арстандын куйругу"

Эскертүү сөздөрү адегенде 22-июлда Кошмо Штаттардын дарегине Ирандын президенти тараптан айтылды.

Хасан Роухани Тегерандагы жыйында сүйлөп жатып, АКШнын президенти Дональд Трампка анын өлкөсүнө каршы кастык саясат жүргүзүүдөн сак болушу керек экенин кулак кагыш кылды.

Хассан Роухани.
Хассан Роухани.

- (Трамп мырза), арстандын куйругу менен ойнобоңуз. Бул өкүнүүгө гана алып келет, өмүр бою өкүнүп каласыз. Эстеп коюңуз, биз бүткүл тарыхта аймактык суу жолунун кепили болгонбуз, мунайды ташуу жолунун коопсуздугун орнотконбуз. Муну унутпаңыз. Сиз Иран элин Ирандын коопсуздугуна жана кызыкчылыгына каршы козута албайсыз. Иран эли өз кызыкчылыктарын билет жана анын коргош үчүн өзүн курмандыкка чалат. Сиз жаңылып жатасыз!, - деди президент Хасан Роухани дипломатиялык корпустун жыйынында.

Мамлекеттик ИРНА жаңылыктар агенттиги Роуханинин “Америка Иран менен тынчтык бардык тынчтыктардын, ал эми Иран менен согуш бардык согуштардын энеси экенин билип коюшу абзел”, - деген сөздөрүн да таратты.

Иран президентинин бул айткандарына АКШнын президенти Дональд Трамп бир нече сааттан кийин "Твиттердеги" баракчасы аркылуу жооп берди. Трамп Роуханиге кайрылып:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

“Кошмо Штаттарды мындан ары эч качан коркутпаңыз! Болбосо тарыхта буга чейин эч ким кабылбаган кесепеттерге туш болосуз. Биз эми сиздин кыянатчылык жана өлүм жөнүндөгү келжирек сөздөрүңүзгө чыдай турган өлкө эмеспиз. Сак болуңуз!”,- деп жазды.

Кайра Трамптын бул сөздөрүн Ирандын элиталык аскердик бөлүктөрүнүн бири болгон "Басиж" күчтөрүнүн кол башчысы Голам Хоссейн Гейбпарвар “психологиялык согуш” деп баалады.

"Кой терисин жамынган карышкыр"

АКШнын президентине чейин Калифорниядагы жыйында мамлекеттик катчы Майк Помпео өлкөнүн жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи менен бирге ага караганда топуктуу деп эсептелген президент Хасан Роханини, тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифти да айыптаган:

Майк Помпео.
Майк Помпео.

- Ирандын лидерлеринин арасындагы коррупция менен байлыктын деңгээли өлкөнү өкмөт эмей эле, мафия башкарганын көргөзүүдө. Режимдин революциялык максаттары жана кыянатчыл иштерге даярдыгы Иранды топуктуу же мамлекеттик ишмер деп атагыдай кимдир-бирөө башкаруусуна алып келген жок. Айрымдар президент Роухани менен тышкы иштер министри Зариф топуктуу деп ишенишет. Чын-чынында алар аятолланын эл аралык чөйрөдөгү амалкөйлүгүн жакшы аткарышты. Өзөктүк келишим, аларды топуктуу кылган жок, бирок кой терисин жамынган карышкырга айлантты, -деди Помпео.

Ал Ирандын лидерлеринин "байлыгы" тууралуу айтканда Жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин өзүнүн Setad деп аталган, каржылык кору 95 миллиард доллар келген, салык төлөбөгөн хедж - фонду (инвестициялык фонд) бардыгын кошумчалады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Вашингтон Иранга каршы дипломатиялык, аскердик жана каржылык кысымды күчөтөрүнө да убада берди.

Помпеонун сөздөрүн Ирандын Тышкы иштер министрлиги "өлкөнүн ички иштерине ачык кийлигишүү” катары сынга алды.

Вашингтон менен Тегерандын бири-бирин коркутуп, эскерткен, күнөөлөгөн сөздөрү АКШнын Иранга каршы экономикалык санкциялары күчкө кире турган убакка туш келди.

Мамлекеттик департамент буга чейин жарыялагандай, Иранга каршы санкциялардын биринчи баскычы 4-августта калыбына келет. Бул санкциялар Ирандын автоунаа секторун, алтын жана башка металлдар менен соодасын бутага алат. Санкциялардын калган бөлүгү 6-ноябрдан тартып күчкө кирет. Алар Ирандын энергетика секторун, мунайга байланышкан жана Борбордук банктын акча которуу жолдорун бутага алат.

Америкалык расмий өкүлдөр ошондой эле алдыда башка мамлекеттер Ирандан мунай импорттошун “нөлгө” түшүрүү багытында иш жүргүзөрүн, бирок адегенде глобалдык мунай базарынын ыргагын бузбаш үчүн андан мунай импорттоону азайтуу максатында көбүрөөк убакыт керек болгон айрым өлкөлөргө жеңилдик берүү жагын карарын да билдиришкен.

Ирандын мунай тарткан танкери.
Ирандын мунай тарткан танкери.

Ирандык расмий өкүлдөр мындай аракеттерден майнап чыкпашын билдирип, АКШнын болочок санкцияларын элди бийликке каршы коюу аргасы катары баалашкан.

АКШнын санкциялары Вашингтон Ирандын талаштуу өзөктүк программасына байланыштуу 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыгып кеткенинен улам калыбына келтирилүүдө.

Президент Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү андан чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.

Келишимдин калган катышуучулары - Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай - аны сактоого убада беришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG