Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:05

Түркия: Памир айылына жаңы 160 үй салынат


Улуу Памир айылы, Ван аймагы, Түркия.

Бул тууралуу Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын башчысы Эйүпхан Кошар "Азаттыкка" билдирди.

- Өкмөткө эки жыл мурун турак жайды жаңыртуу боюнча долбоор жазганбыз. Ошол долбоор аркылуу эми 160 түтүн үйдүн курулушу жөнүндө чечим чыкты. Алгач айылдагы жаш үй-бүлөлөргө кезек берилет. Антпесе айылдагы үйлөргө батпай тар боло баштаган. Төрт жыл акча төлөнбөйт, бирок кийин келишим боюнча турак жайдын наркы канча болсо, ошону 18 жылга бөлүп төлөп беришет. Бул өтө ыңгайлуу болот.

Бул турак жай боюнча мамлекеттик долбоор Түркиянын Экология жана шаарларды пландоо министрлигинен бекитилип, учурда үйгө муктаж айылдыктар кезекке туруп жатышат.

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылын 1986-жылы Ооганстандан келген кыргыздар үчүн түрк өкмөтү куруп берген. Айылда жалпысынан 2 миңге жакын кыргыз жашайт. Ал эми жалпысынан Түркияда беш миңден ашык кыргыз жашайт. (ElB)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG