Бишкек-Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясына караштуу Жалал-Абад курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады.
Тергөө учурунда аталган башкармалык 2015-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин мамлекетке 1 миллион 543 миң салыкты төкпөй койгону айтылууда.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (“Ири өлчөмдөгү салык төлөөдөн качуу”) менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда. Финансы полициясы иликтөө менен катар мамлекетке келтирилген чыгашаны өндүрүүгө аракет кылып жатат. (ErN)