Бишкек шаарында “Мектеп жашындагы балдардын билим алуу укугун толук камсыз кылуу боюнча кырдаал: жаңы чакырыктар” аттуу жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жыйындын уюштуруучусу, Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова билдирди.
Анын айтымында, жакырчылык, жумушсуздуктан улам мектепке бара албай жаткан балдардын укуктары жөнүндө сөз болууда. Ошондой эле диний ишенимден улам баласын мектепке жибербей, үйдө кармаган ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу да талкуу болот.
Конференцияга Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, мугалимдер, агартуу жана башка тармактардагы эксперттер да катышууда.
Булан институту буга чейин медреселердеги билим берүү, мугалимдердин социалдык абалы, мектептердин шарттары тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүп, талкууларды уюштурган. (ErN)