Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Турак жай жана автоунаа салыгын төлөбөгөндөр айып төлөйт


Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөдө автоунаа, турак жай, жер салыктарын төлөөчүлөр үчүн салык кызматтары саат онго чейин иштеп жатышат. Салык органдарындагы кезметчилер салык төлөө мөөнөтү аяктаганча эртең мененки саат тогуздан кечки онго чейин дем алыш күндөрү да иштешет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Ошондой эле салыктарды айрым банктар, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөго болот.

Автоунаалардын салыгы 1-сентябрга, ал эми турак жай, жер салыгы 2-сентябрга чейин төлөнүшү керек. Өз убагында салык төлөбөгөн жарандарга 2000 сом өлчөмүндө айып салынат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG