Ирандын президенти Хасан Роухани экономикалык кризиске байланыштуу парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берди. 2013-жылы шайланган Роухани биринчи жолу парламентке чакырылды. Депутаттар улуттук валютанын арзандашына туруштук берүү боюнча президенттин планына кызыгышты.
Риал апрелден бери кунунун дээрлик жарымын жоготкону жумушсуздукка, экономикалык каатчылыкка алып келди. Бир нече күн мурда экономика министри Масуд Карбасян кызматынан алынган. Акыркы жумаларда экономика маселелерине жооп берген 4 министр кызматтан кетирилди.
Айрым экономисттер азыркы абалды АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимден чыгып, санкцияларды кайра киргизгенине байланыштырышат. Санкциялардын бир бөлүгү ушул айдын башында калыбына келтирилсе, калгандары ноябрда күчүнө кирмекчи.
Токтоо саясатчы болуп эсептелген Роуханини сындаган эскичил адамдардын көбү эл аралык келишимге, Батыш менен жакындашууга каршы болуп келишкен. Алар президенттин кызматтан кетишин талап кылышууда. Мыйзамга ылайык парламент Роуханиге импичмент жарыялай алат. Бирок жогорку лидер Аятолла Али Хаменеи "президентке 2021-жылы аяктай турган кызматтагы мөөнөтүн соңуна чыгарууга мүмкүнчүлүк бериш керек" деп буга чейин билдирген.