Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Талибдер менен Москва сүйлөшүүлөрү жылдырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия оогандык талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кийинкиге калтырды. Бир жума мурун "Талибан" 4-сентябрга белгиленген Москва саммитине катышууга макул болгон. Орусия жыйынды жылдыруу жөнүндө чечим боюнча расмий азырынча расмий билдирүү тарата элек.

Ооган президентинин кеңсесинин өкүлү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ашраф Гани менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Маалыматка караганда, Москва жолугушуунун мөөнөтү ооган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылыш үчүн өзгөртүлгөнүн ырастады.

Өткөн аптада Кабул жана Вашингтон 4-сентябрдагы көп тараптуу сүйлөшүүлөргө катыша албастыгын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG