Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Беларуста бир нече журналистке өлкөдөн чыгууга тыюу салынды


Минск.
Минск.

Беларуста эркин маалымат каражаттарында иштеген бир нече журналистке өлкөдөн чыкпоого буйрук берилди. Алар мамлекеттик БелТА агенттигинен мыйзамсыз жол менен маалымат алган деп шек саналууда. "Deutsche Welle" радиосунун Минсктеги кабарчысы Паулюк Быковски Тергөө комитети агенттиктин компьютер системалары текшерилип жаткан кезде Беларуста кала берүүгө ага көрсөтмө бергенин 27-августта билдирди.

Ушундай эле чарага BelaPAN маалымат агенттигинин эки журналисти, дагы бир нече интернет порталдардын журналисттери туш болушту.

Укук коргоочулар "бийлик президент Александр Лукашенко менен өкмөттү сындаган эркин медианы ооздуктоого аракет кылууда" деп айыптап жатышат. Беларустун Тышкы иштер министрлиги мындай дооматтарды четке какты.

 

XS
SM
MD
LG