Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Германияда келгиндерге каршы акция кагылышуу менен коштолду


27-августтагы кагылышуу.
27-августтагы кагылышуу.

Германиянын канцлери Ангела Меркел өлкөнүн чыгышында Хемниц шаарында ашынган улутчулдар өткөргөн демонстрацияларды кескин сындады. Канцлер тараткан билдирүүдө мындай окуяларга Германияда жол берилбеши керек экени белгиленет.

Нааразылык акциясына жергиликтүү тургундун өлтүрүлүшү себеп болгон. Шектүү катары Сирия менен Ирандан келген качкындар кармалган. Шаар көчөлөрүнө чыккан миңдеген адамдар мигранттарды Германиядан депортациялоого чакырышкан.

Кылмышты шылтоо кылбоого үндөп, аларга каршы болгондор да акцияга чыгышты. Эки топ кагылыша кетип, ортодо бир нече киши жабыркады. Ашынган улутчулдардын "Германия үчүн альтернатива" партиясы дал ушул Саксония аймагында өзгөчө колдоого ээ.

XS
SM
MD
LG