Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Орусияда кылмыштын бетин ачууга жардам бергендерге акча төлөнөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда “кылмыштын бетин ачууга жана кылмышкерлерди кармоого көмөктөшкөн” жарандарга акчалай сый акы төлөө тууралуу Ички иштер министрлигинин буйругу күчүнө кирди.

Расмий сайтта жарыяланган документке ылайык, министр Владимир Колокольцев тиешелүү чечим кабыл алса, сый акы 3 миллион рублдан ашышы мүмкүн. 500 миң рублга чейинки акы тууралуу чечимди регионалдык башкармалыктардын жетекчилери, 3 миллион рублга чейинкисине байланыштуу чечимди болсо министрдин биринчи орун басары кабыл алмакчы. Күч түзүмдөрүнө бир нече киши жардамдашса, анда акча бөлүштүрүлөт.

Буга чейин полиция өзгөчө кооптуу кылмышкерлерди кармоого көмөктөшкөн жарандарга өз фондунан каражат төлөй алчу. Эми болсо мекеме акча үчүн финансылык-экономикалык саясат департаментине кайрылуу укугуна ээ болду.

XS
SM
MD
LG