Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:00

Жалал-Абад - Бишкек авиа каттамдары убактылуу токтотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жумадан тартып дүйшөмбү, шаршемби жана жума күнү учуучу Бишкек - Жалал-Абад - Бишкек багытындагы каттамдар эки жумага чейин токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад аэропортунун жетекчилиги билдирди.

Жетекчилик каттамдардын токтотулушун айрым авиа компаниялардын иши менен байланыштырды. Бирок так себебин айткан жок. Ал эми Жалал-Абад - Бишкек - Жалал-Абад багытындагы каттамды тейлеген “Тез жет” компаниясы учактардын тартыштыгынан улам каттамдардын графиги өзгөрүп, аларды убактылуу токтотуп турууга аргасыз болгонун билдирди.

Учурда учакка билет алгандардын акчасы кайтарылып, айрымдары Ош аэропорту аркылуу учууга мажбур болуп жатышат. Жекшемби күнү гана бир жолу авиа каттам жүргүзүлүп турат.

Жыл башынан бери Жалал-Абад аэропорту 11 миңден ашык жүргүнчүнү тейлеген. Айрым маалыматтарда каттамдардын убактылуу токтотулушу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу экендиги айтылып жатат. (RsK/TSh)

XS
SM
MD
LG