Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Президентке социалдык тармактар аркылуу кайрылгандар көбөйдү


Анара Мамбеталиева.
Анара Мамбеталиева.

Кийинки убакта ар кандай маселелер боюнча президент Сооронбай Жээнбековго социалдык тармактар аркылуу кайрылгандар көп болуп жатат. Мындай кайрылууларга Коопсуздук кеңешинин катчылыгы байкоо жүргүзүп, ар кандай чара көрүлүп жатканын президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Мамлекеттик экотехинспекциясынын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева менен жолугушту. Анда ал айткан фактылар кылдат иликтенээри айтылды. Ошондой эле темир жолдогу коррупция фактылары тууралуу маалымдаган Алия Асанбаева менен да жолугушуу өткөрүлдү.

Акыркы айда Кыргызстанда мамлекеттик органдардын кызматкерлери мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу президентке даттанышкан. Алгач Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева мекемедеги жемкордукка каршы чыкканы үчүн жумушунан айрылганын айтып чыккан болчу. Андан кийин "Кыргыз темир жолу" ишканасынын поезд коштоочусу Алия Асанбаева видео аркылуу президентке кайрылды. Асанбаева мамлекеттик ишканадагы коррупциялык көрүнүштөрдү буга чейин айтып келгенин, бирок андан бери көңүл буруунун ордуна тескерисинче ага карата басым-кысым күчөгөнүн билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG