Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Украина КМШдагы өкүлчүлүктөрүн жапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украина августтун башында КМШнын органдарындагы өкүлчүлүктөрүн жапты. Бул тууралуу шериктештиктин аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев билдирди. КМШ Киев менен мамилелерди Украина менен Беларустун элчиликтери аркылуу улантып турмакчы.

Украин президенти Петро Порошенко май айында КМШ органдарындагы бардык өкүлдөрдү чакыртып алуу тууралуу буйрукка кол койгон жана бул чечимди өлкөнүн Европага интергациялашууга багыт алганы менен түшүндүргөн. Анын алдында Украинанын Коопсуздук кеңеши уюмдун алкагындагы бардык мамлекет аралык келишимдерден чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Украина адегенде мурдагы советтик республикалардын 12си кирген түзүмдү - КМШны түптөгөн өлкөлөрдүн бири болгон. Крым аннексияланган жана Донбасстагы куралдуу жаңжал башталган 2014-жылдан тартып Киев шериктештиктин ишине дээрлик катышпай калган. Лидерлердин жолугушууларына Украинанын атынан элчилер гана келчү.

XS
SM
MD
LG