Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:08

Кавказ тоосунда 1987-жылы жоголгон альпинисттин сөөгү табылды


Кавказ тоолору. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Карачай-Черкес Республикасында, Элбрус тоолорунда 1987-жылы дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды. Альпинисттер тапкан сөөктү жана анын жанындагы жеке буюмдарды куткаруучулар эвакуациялашты.

1987-жылдын апрелинде беш кишиден турган топ Элбрусту багындырууга жөнөгөн. Бирок альпинисттер лагерге кайтпай, аларды издөө ишинен майнап чыккан эмес. Документтер менен билеттерге караганда табылган аял Орусиянын Ленинград облусунун тургуну, 35 жаштагы Елена Базыкина болчу.

Адистер маркум көчкүнүн алдында калган деп болжолдошот. Адаттан тыш жылуу аба ырайынан пайдаланып, куткаруучулар калган альпинисттерди да табууга аракеттенишүүдө. Тергөөчүлөр иликтөө жүргүзүп жатышат.

XS
SM
MD
LG