Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:25

Бишкекте көчмөндүк жана мобилдүүлүк боюнча эл аралык жыйын башталды


Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Иллюстрациялык сүрөт.
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Иллюстрациялык сүрөт.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай Бишкек шаарында “Көчмөндүк, мобилдүүлүк жана массалык маалымат каражаттары” аттуу эл аралык конференция башталды. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Борбордук Азиядагы Америка университетинен кабарлашты.

Жыйынга дүйнөнүн 15 мамлекетиндеги медиа жаатындагы кесипкөйлөр, журналисттер, маданият таануучулар жана башка адистер катышат. Алар өздөрү изилдеген дүйнө жүзүндөгү азыркы жана мурунку көчмөндүктүн түрдүү концепцияларын жана мобилдүүлүктөр тууралуу айтып беришет.

10 чакты адис атайын доклад менен чыкса, калган талкуулар атайын секцияларда уланат. 29-августта башталган жыйын 30-августта аяктайт.

Катышуучулар андан ары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, “Кырчын” шаарчасында этно-маданий программага күбө болушат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, 8-сентябрга чейин уланат. Ага 57 мамлекеттен келген 1946 спортчу катышып, улуттук спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Оюндарда жалпы 594 медаль ойнотулат. Анын 174ү алтын. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир жолу Кыргызстанда өтүп турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG