Орусия Сириянын Идлиб провинциясындагы ыктымал химиялык куралдын колдонулуусун алдын алып калуусу керек. Мындай билдирүүнү АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис журналисттердин алдына чыккан учурда жасады. Пентагондун башчысы бул жөнүндө Москва менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына ишендирди.
Мэттис мурдараак Дональд Трамптын администрациясы химиялык чабуулду токтотуп калуу үчүн Сириянын президенти Башар Асадга карата эки жолу аскердик операция жасаганын белгиледи.
Пентагондун билдирүүсү Идлибде оппозициялык куралчан топ “чагым” даярдап жатат деп Орусия тарап байма-бай маалыматтарды чыгарып жаткан учурга туш келди.
2013-жылы Сирия өкмөтү химиялык куралдын запасын толук жок кылууга убада берген, ал эми Орусия бул милдеттин аткарылышына кепилдик кылаарын жарыялаган. Ошондон бери Вашингтон Дамаскты бир нече жолку химиялык чабуулдарга, Москваны бул кылмыштарды жаап-жашырууга айыптап чыккан.
Америкалык чалгын кызматынын маалыматына ылайык, Сириянын армиясы Идлибдеги Асадга каршы турган акыркы оппозициялык түзүмдөргө карата ири чабуул жасоону мерчемдеп жатат. Пентагон эгер анда химиялык курал колдонулса Сириянын өкмөттүк аскерлерине сокку жасаларын эскертти. (ErN)