Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:45

Быйылкы окуу жылында эки миңден ашык бала мектепке тартылган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлшан Абдылдаеванын маалыматына караганда, быйылкы окуу жылында 2117 бала мектепке барууга катталган эмес. Алардын ичинен 300дөн ашыгы ден соолугуна байланыштуу мектепке бара албайт, ал эми 866 бала медреселерде, мечиттерде, чикрөөлөрдө тарбияланып жатат. Бул тууралуу 28-августта Булан институту өткөргөн жыйында белгилүү болду. Институттун байкоосунда, акыркы убакта ата-энелер диний ишенимден улам баласын мектепке жибербей жаткан учурлар катталып жатат.

Милициянын маалыматы боюнча Ысык-Көл районунун Ананьево, Садыр Аке, Темир жана Бостери айылдарындагы төрт үй-бүлөдөн сегиз бала мектепке барбайт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү башында мындай үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, майнап чыкпагандарына айыппул салынып, сот жоопкерчилигине тартылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG