Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

Кулматовдун жактоочусу экинчи ирет президентке кайрылды


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат менен кайрылды. Бул тууралуу Слесарев өзү “Азаттыкка” кабарлады.

Слесарев өз кайрылуусунда узак жылдардан бери жактоочу болуп иштеп жүрүп, Кулматовдун ишине байланыштуу соттук отурумдарда, териштирүү иштеринде мынча процессуалдык жана башка мыйзам бузуу фактыларына алгачкы жолу туш болуп жатканын белгилеген.

Жактоочу Слесаревдин айтымында, Кулматовго карата УКМКнын коррупция боюнча так далилдери жок. Ошондой эле жактоочу президентке экинчи ирет кайрылып жатканын белгилеп, биринчи кайрылуусуна жооп болбогонун билдирди.

24-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартууну карап, аны 28-сентябрга чейин камакта калтырган. 25-июнда ушул эле Биринчи май райондук соту Кулматовду 28-августка чейин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү өтүнүчү менен адвокаттар Жогорку сотко кайрылып, Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып коюлган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (TSh)

XS
SM
MD
LG