Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:41

Кытай “эки бала” саясатын жоюшу мүмкүн


Бээжиндеги парктардын бири.
Бээжиндеги парктардын бири.

Кытайдын Жарандык кодексинин долбоору өлкө парламенти - Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинде ушул аптада каралышы күтүлүүдө. Анда бул ирет үй-бүлөнү пландоо боюнча жоболор болбойт. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлап жатышат.

Буга чейин Кытайда 1979-жылы күчкө кирген “жалгыз бала” саясаты жумшартылып, 2016-жылдан тартып үй-бүлөлөрдүн эки балалуу болушуна расмий жол ачылган. Андыктан эми жаңы мыйзам сунуш кылынган долбоордо бекитилсе, бул Кытай өкмөтүнүн балдардын төрөлүшүн чектөө боюнча саясатынан дээрлик 40 жылдан кийин баш тартышы болот. Жаңы мыйзам 2020-жылдан тартып күчкө кириши күтүлүүдө.

Кытайдын бийлиги төрөттү чектөө саясатынан өлкө калкынын курамы картайып бараткан шартта баш тартууда. 2014-жылдын соңуна карата эле кытайлардын дээрлик үчтөн биринин курагы 50дөн ашып кеткен. Бирок “эки бала” саясатынын күчкө кириши деле Кытайда төрөт көрсөткүчүн күтүлгөндөй арбыткан эмес.

Статистика боюнча улуттук бюронун маалыматтарына караганда, 2016-жылы Кытайда 17,9 миллион ымыркай жарык дүйнөгө келип, бул 2015-жылдагыдан 1,3 миллионго көп болгон. Бирок 2017-жылы өкмөт болжолдогондой 20 миллиондон ашуун эмес, 17,2 миллион бала төрөлгөн. Кытайдын жалпы калкынын саны азыр 1 миллиард 400 миллиондун тегерегинде. (UE/EZK)

XS
SM
MD
LG