Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгын реформалаш үчүн түзүлгөн эксперттик жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда башкармалыктын ишин өзгөртүү үч баскыч менен ишке ашырылаары белгилүү болду. Алар: кадрларды кылдат изилдеп тандоо, кесипкөй кызматкерлерди даярдоочу курстарды уюштуруу жана коррупция үчүн сөзсүз жазага тартуу. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Топтун курамына Коопсуздук кеңешинин катчысы, өкмөттүн аппаратынын, Ички иштер министрлигинин, жарандык коомдун өкүлдөрү жана эксперттер кирген.
Өлкөдө Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлерине сын-пикирлер арбын айтылып жүрөт. (TSh)