Линктер

шейшемби, 18-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:33

АКШ Орусияга каршы ДСУга арыз берди


Орусиянын "Северсталь" компаниясынын болот продукциясы.

Бул тууралуу Дүйнөлүк соода уюмунун сайтында кабарланды. Кошмо Штаттардын көз карашында, Орусия өз чаралары аркылуу ДСУнун эки эрежесин бузду. Биринчиден, Орусиянын бажы тарифтери АКШнын товарларына карата гана колдонулууда, башка өлкөлөргө жайылтылбайт. Экинчиден, Орусия койгон ченем Дүйнөлүк соода уюмунда уруксат берилген максималдык чектен да жогору.

Буга байланыштуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ДСУдагы териштирүүдө Москва контраргументтердин “кеңири чөйрөсүн” колдоно турганын белгилесе, Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги “АКШ орус тарап кабыл алган чаралардын табиятын туура эмес чечмелеп жатканын” билдирди.

Эми ДСУнун ички жоболоруна ылайык, эки өлкө талаш-тартышын алтымыш күндүн ичинде өз ара жөнгө салууга аракеттениши керек. Болбосо маселени кароо ДСУ аралашкан экинчи баскычка чыгат.

Орусия быйыл 5-августтан тарта АКШ өндүрүшүнөн чыккан айрым товарларга: мунай жана газ жабдууларына, жол курулушунун жабдууларына, металл иштетүүдө колдонулуучу аспаптарга, таш бургулоочу жабдууларга 25-40% бажы тарифин киргизген. Бул АКШнын кадамына жооп чара болгон. Июнь айында Дүйнөлүк соода уюмуна АКШга каршы Орусия да арыз берген.

Президент Дональд Трамптын администрациясы улуттук коопсуздукту жүйө кылып, быйыл март айынан тарта чет элдик өндүрүштөгү болотко 25%, алюминийге 10% тариф койгон. Бул чара Орусияны да камтыган.

Мамлекеттик ТАСС агенттиги келтирген маалыматка караганда, Экономикалык өнүгүү министрлиги орусиялык экспортерлордун АКШнын соода чектөөлөрүнөн тарта турган чыгымын 537 миллион доллар деп эсептеген. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG