Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Москва Батышка Идлибдеги операцияга кийлигишпөөнү эскертти


Идлиб шаары өкмөттүк күчтөрдүн аба соккуларынын биринен кийин. 5-февраль, 2018-жыл.
Идлиб шаары өкмөттүк күчтөрдүн аба соккуларынын биринен кийин. 5-февраль, 2018-жыл.

Мындай эскертүүнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирияда өкмөттүк күчтөр козголоңчулардын акыркы маанилүү таянычы- Идлиб провинциясына ири чабуул жасоого даярданып жаткан учурда жасады.

“Идлибде ириңдеп кеткен жара бар, ал жок кылынышы керек. Биздин батыштык өнөктөштөр чагымчылдыкка алдырбайт, антитеррордук операцияны жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт деп үмүттөнөм”,- деди Лавров кабарчыларга сүйлөгөн учурунда.

Орусиянын тышкы иштер министри Идлибдеги кырдаал боюнча Түркия жана АКШ менен байланышта экенин, Москва менен Анкаранын ортосунда “толук саясий түшүнүшүү” бардыгын кошумчалады, бирок мунун чоо-жайын ачыктаган жок.

АКШ, Британия, Франция ушул аптада Сирия бийлигине Идлибге чабуул учурунда химиялык курал колдонбоону, мындай жагдай Батыштын жооп чарасына алып барарын эскерткен.

Бул арада Москва Сириянын козголоңчуларын Батыштын аба соккуларына шыкак берүү үчүн химиялык чабуул жасоону мерчемдеп жатканы үчүн айыптады.

Сириянын жети жылдык жарандык согушунда Орусия менен Иран президент Башар Асаддын режимин, АКШ оппозициячыл күчтөрдү колдоодо.

Козголоңчуларга Түркия да колдоо көрсөткөн, бирок АКШдай такай эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG