Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:18

Кыргызстан Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө толук даяр болду


Чолпон-Ата шаарындагы ипподром. Көчмөндөр оюндарынын ачылышы ушул жерде өтөт.
Чолпон-Ата шаарындагы ипподром. Көчмөндөр оюндарынын ачылышы ушул жерде өтөт.

Кыргызстан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана түрк тилдүү мамлекеттердин саммитин өткөрүүгө толук даяр болду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев оюндарга даярдык көрүү боюнча Чолпон-Ата шаарындагы кеңешмеде билдирди.

- Мен Кырчын жайлоосун, “Номад” амфитеатрын, ипподромду, ден соолукту чыңдоочу комплексти көрүп чыктым. Өлкө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитин өткөрүүгө даяр деп айта алам, - деди Абылгазиев жыйында.

Өкмөт башчы оюндарды өткөрүүнүн каржылык маселеси толук чечилгенин, мамлекеттик органдар даярдыктын жыйынтык чараларын кабыл алып жатканын кошумчалады. Учурда сахналык көрүнүштөрдүн репетициясы гана уланып жатат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, 8-сентябрга чейин уланат. Ага 57 мамлекеттен келген 1946 спортчу катышып, улуттук спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Оюндарда жалпы 594 медаль ойнотулат. Анын 174ү алтын. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир Кыргызстанда өтүп келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG