Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

ЕККУ: Украинанын чыгышында кайрадан атышуу башталды


Орусиянын Киевдеги элчилигинин алдында Иловайск шаарындагы уруштун төрт жылдыгын эскерүүгө арналган акция. 29-август, 2018-жыл.
Орусиянын Киевдеги элчилигинин алдында Иловайск шаарындагы уруштун төрт жылдыгын эскерүүгө арналган акция. 29-август, 2018-жыл.

Украинанын чыгышында окуу жылынын башталышынын алдында атышууну токтотуу жөнүндөгү чакырыктарга карабай, чатак кайра башталды. Бул тууралуу кагылышуу болуп жаткан аймакта куралсыз байкоочулары бар Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) билдирүүсүндө айтылат.

ЕККУнун эсебинде, украин аскерлери менен Орусия колдогон жикчилердин ортосунда атышууну токтотуу жөнүндөгү акыркы макулдашуу иштей баштагандан бери эле анын шарттары аз дегенде 70 жолу бузулду. “Тараптар өз милдеттенмелерин урматтап, байланыш тилкесинин эки жагындагы украиндерди коргош үчүн атышуу токтошу керек”,- деп билдирген бул эл аралык уюм.

Өткөн аптада украин армиясы акыркы атышууларда кеминде төрт аскерин жоготконун жарыялаган. Бул жарыядан бир күн мурун эле ЕККУ Украинанын чыгышында быйылкы жай 2014-жылдан берки эң тынч болгонун, жайкын тургундардын арасында жоготуу катталбаганын белгилеген.

БУУнун эсеби боюнча Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазында тутанган куралдуу кагылышууларда 10300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Аймактагы жикчилерди колдогон Орусиянын президенти Владимир Путин Москва БУУнун тынчтык орнотуучу миссиясы жайгаштырылышын колдой турганын ушул айда ишарат кылды.

Тирешүү аймагына БУУнун аскерлерин киргизүүнү Украина да сунуш кылган. Бирок Киев Москвадан айырмаланып, миссияга кеңири мандат берилишин жактайт. Ал чатакты токтотуу боюнча буга чейинки сүйлөшүүлөр Украина менен Орусиянын ортосундагы пикир келишпестиктерди жоё алган жок. (UE)

XS
SM
MD
LG