Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Бурулкан Сарыгуловага "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамы берилди


Бурулкан Сарыгулова.
Бурулкан Сарыгулова.

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-август - Эгемендик күнүнө карата "Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн ар кайсы тармактарда иштеген 155 кишиге мамлекеттик сыйлыктар берилди.

Алардын арасында акын, «Азаттык медиа» мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгуловага "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам ыйгарылды.

Бурулкан Сарыгулова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Алгачкы ырлары мектеп курагында жазылып, райондук, облустук, республикалык гезит-журналдарга, альманахтарга жарыяланып келген. 1988, 1990-жылдары “Токтогул”, “Алыкулдун ак боз ат” фестивалдарынын лауреаты болгон. “Сыр сандык”, “Жетелешкен жылдар” ыр жыйнактарынын автору.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, “Эл агартуунун отличниги” сыйлыктарын алган.

Бурулкан Сарыгулова көп жылдан бери “Азаттык Медиа” мекемесинин (“Азаттык” радиосунун) баш редактору кызматын аркалап келе жатат.

XS
SM
MD
LG