Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Көкбөрү: Президенттин кубогунда "Сары-Өзөн Рассвет" 3-орунду алды


Бишкекте өткөн көкбөрү боюнча мелдеш. 21-март, 2018-ж. Нооруз.
Бишкекте өткөн көкбөрү боюнча мелдеш. 21-март, 2018-ж. Нооруз.

Көкбөрү боюнча президенттин кубогунда 3-орунду “Сары-Өзөн Рассвет” командасы алды. Бүгүн, 30-августта 3-орун үчүн болгон оюнда Чүйдүн улакчылары “Бакай-Ата Шыралжын” командасын 4:0 эсебинде жеңди.

Ушул учурда Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында финалдык беттеш өтүп жатат. 1-орун үчүн Ысык-Көлдүн "Толкун" жана Таластын "Бакубат Талас" командалары беттешүүдө. 2-таймдан кийин азырынча 1:0 эсебинде таластык көкбөрүчүлөр алдыда келе жатат.

Көкбөрү боюнча президенттин кубогу 24-августта башталган. Ага 12 команда катышты. (SDz).

XS
SM
MD
LG