Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Көкбөрү: Президенттин кубогун "Бакубат Талас" командасы алды (видео)


"Толкун" (Ысык-Көл) - "Бакубат Талас" (Талас) командаларынын беттеши. 30-август, 2018-жыл.
"Толкун" (Ысык-Көл) - "Бакубат Талас" (Талас) командаларынын беттеши. 30-август, 2018-жыл.

Көкбөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылдагы кубогун Таластын "Бакубат Талас" командасы алды. Бүгүн, 30-августта Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында болгон финалдык таймашта таластык көкбөрүчүлөр Ысык-Көлдүн "Толкун" командасын 1:0 эсебинде жеңди. Оюндагы жалгыз улакты "Бакубат-Талас" командасынын оюнчулары 1-таймда тайказанга таштаган.

Бул мелдеште 3-орунду “Сары-Өзөн Рассвет” командасы алды. Бүгүн, 30-августта 3-орун үчүн болгон оюнда Чүйдүн улакчылары “Бакай-Ата Шыралжын” командасын 4:0 эсебинде жеңди.

1-орунга 500 миң сом акчалай сыйлык, президенттин кубогу, 2-орунга 200 миң сом, 3-орунга 100 миң сом акчалай сыйлык берилди. Ошондой эле "мыкты улакчы" Астаркул Табышов (Бакубат Талас), "мыкты чабуулчу" Эламан Нурболот уулу (Сары-Өзөн Рассвет), "мыкты коргоочу" Тилек Айып уулу (Толкун), "мыкты дулдул ат" Суусамыр (Сары-Өзөн Рассвет), "мыкты күлүк ат" Тачка (Бакай-Ата Шыралжын), "мыкты жекеме жекенин аты" Аватар (Бакубат Талас) аталып, ар бири 20 миң сом акчалай сыйлык алышты. Мыкты наамына ээ болгондор жана 4-орундан баштап 12-орунду ээлеген командалардын ар бирине 20 миң сомдон берилди.

Президенттин кубогуна арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеш 24-августта башталган. Ага 12 команда катышты. (SDz)

XS
SM
MD
LG