Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Булан институту мектеп көйгөйү боюнча президентке кайрылды


Нарын облусундагы мектептердин бири. 1-сентябрь, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Нарын облусундагы мектептердин бири. 1-сентябрь, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) мектептер боюнча маселени чечүү сунушу менен 30-августта президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Кайрылууда "мектептердеги көйгөйлөр тез арада чечилбесе, орто билим берүү системасы келерки 10-15 жыл ичинде кыйроо алдында турат" деп айтылат.

Аталган уюм өлкө жетекчилигин балдардын Конституцияда жана тиешелүү мыйзамдарда каралган билим алууга укугун толук камсыз кылуу милдеттерин толук аткарууга чакырды. Ошондой эле президентке мектептердин коопсуздугу жана жаңы имараттарды куруу, мугалимдеринин социалдык абалы тууралуу "тез арада чечилиши керек" деген бир нече сунуш берди.

Уюмдун маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда мектептерде окуучуларга орун жетпейт. Республика боюнча мектеп жашындагы 1 175 780 бала бар болсо, азыркы мезгилде мектептердин жалпы сыйымдуулугу 600 миң гана орунга ылайыкталган. Мындан улам Булан институту президентти жаңы мектептерди курууну тез арада колго алууга чакырып, азыр кошумча 200 жаңы мектеп керек экенин жарыялады.

Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) – Женевада эл аралык өкүлчүлүгү бар жана баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан өкмөттүк эмес уюм. Кыргызстанда балдардын сапаттуу билим алуу укуктарын коргоо, мектептеги коопсуздук жана билим сапаты, диний окуу жайларды реформалоого багытталган долбоорлордун үстүндө иштейт.​ (NT)

XS
SM
MD
LG