Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:13

Жалал-Абад: төрт жыл мурун курула баштаган мектеп пайдаланууга берилди


Жалал-Абаддагы мектеп.

Жалал-Абад шаарында 275 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу №6 мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилип, 30-августта анын ачылышы болду.

2014-жылы авариялык абалдагы бул мектепте окуган 300дөн ашык бала №7 мектептин имаратына көчүрүлүп, ошол жакта билим алып келген.

Ошол кездеги бийликтин тапшырмасы менен 2014-жылы башталган мектептин курулушуна 59 миллион сомго чукул каражат сарпталган. Акча тартыштыгынан улам курулуш өз мөөнөтүндө бүтпөй калганы айтылды.

Жалал-Абадда 20 орто мектеп бар. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, шаарда дагы беш мектеп салуу пландалууда.

Ал эми Жалал-Абад облусу боюнча быйыл жыл аягына чейин беш мектеп пайдаланууга берилери күтүлүүдө. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG