Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

Өзгөндөгү музейди "Сулайман-Тоо" комплексине өткөрүү аракети көрүлүп жатат

Он биринчи кылымда курулган "Өзгөн мунарасын" жана анын айланасында салынып жаткан музейди "Сулайман-Тоо" комплексинин карамагына өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу "Сулайман-Тоо" музей-комплексинин жетекчиси Султан Абдырахманов  "Азаттыкка" билдирди. 

Уша тапта Ош шаарында жайгашкан  "Сулайман-Тоо" археологиялык музей-комплексинин карамагына Ноокат районундагы үч музей кирет.

Өзгөн шаары Кыргызстандагы байыркы шаарлардын бири. Анын караханиддер доорунда түптөлгөнү тарыхый тастыкталган. (MdN)

XS
SM
MD
LG